БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы Кубанычбек Капаловдун өлүмү боюнча айрым жагдайларды ачыктады.
Маалыматка таянсак, кечээ, 13-мартта, 102 кызматына Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан банкеттик залдардын биринин жанында унаанын ичинде эркек киши өзүнө ок атканы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барган. Кароо учурунда GAC үлгүсүндөгү унаанын салонунан 1981-жылы туулган К.К. аттуу жарандын ок тийген сөөгү табылган.
Окуя болгон жерден төмөнкү буюмдар алынган:
12 калибрдеги "Иж-18" маркасындагы аңчылык мылтык;
13 даана ок;
гильза;
эки уюлдук телефон (iPhone 15 жана Redmi);
коштошуу каты жана башка далилдер.
Алдын ала соттук-медициналык кароонун жыйынтыгында маркумдун көкүрөк тарабында ок тийген жаракаттар бар экени аныкталган. Денесиндеги жаракаттардын мүнөзүн жана оордугун тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Алдын ала маалымат боюнча, маркум карыз маселелерине байланыштуу өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.