БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. АКШнын Багдаддагы элчилиги чабуулдан кийин түтөп жатат. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды.
“Чабуул тууралуу маалыматтан кийин Багдаддагы АКШ элчилигинин үстүнөн түтүн көтөрүлүп жатат. Ошондой эле аба чабуулу тууралуу эскертүү сиреналары угулууда”, — деп айтылган маалыматта.
Press TV телеканалы Ирактагы маалымат булактарына таянып, дипломатиялык миссиянын радиолокациялык системасына камикадзе-дрон сокку урганын айтты.
Ошондой эле ушул эле телеканал АКШнын танкери Шарджа шаарынын жанында соккуга кабылып, өрттөнүп кеткенин билдирди.
Белгилей кетсек, АКШ менен Израиль Иранга 28-февралда чабуул кое баштаган. Тегеран да Израилдин аймагы менен АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскер базаларына сокку уруп жатат. Алгач Вашингтон менен Тель-Авив Тегерандын өзөктүк программасынан улам жаралган кооптуулукту жоюу тууралуу сөз кылып келсе, кийинчерээк өлкө бийлигин алмаштырууга аракет көрүп жатышканы айтылган.