БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Нарын облусунун Нарын районундагы Эчки-Башы айылында төрөлгөн. Ал кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү жазмакерлердин бири.
Калемгердин көп жылдык эмгеги бааланып, Кыргыз Республикасынын “Эмгек баатыры” жогорку наамы, II даражадагы Манас ордени, эл жазуучусу даражалары берилген.
Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең 15-мартта саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.