БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бахрейн аймагынан Иранды көздөй баллистикалык ракеталар атылды. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.
Басылма бул Перс булуңундагы өлкө Иранга кол салган биринчи тастыкталган учур болушу ыктымал экенин белгилеген.
“Гезит тарабынан текшерилген видеодо Бахрейнден Иран багытына баллистикалык ракеталар учурулуп жатканын көрүүгө болот”, — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда ракеталарды ким учурганы, америкалык аскерлерби же бахрейндик аскерлерби такталган эмес. Эксперттердин айтымында, эч болбоду дегенде бир ракета америкалык техника менен учурулган.