Аткаминердин өлөр алдында жазып кеткен каты ЖМКларга чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Маркум Сот аткаруу кызматынын директорунун орун басарыныкы делген коштошуу катты ЖМКлар жарыялады.
Анда Кубанычбек Капалов жубайына кайрылып, балдарына татыктуу тарбия берүүнү өтүнгөн.
“Сага жолукканыма кудайга миң мертебе ыраазымын. Сен мени бактылуу кылдың, эки уул, эки кыз төрөп бердиң, ысык-суугума чыдадың. Ар дайым жанымда болдуң, жаным! Сен бекем аялсың, балдарга татыктуу тарбия берип келе жатасың, ошонуңдан жазба”, — деген ал катта.
Ошондой эле ал эки уул, эки кызынан кечирим сурап, апаларына жардам берүүнү табыштаган.
Мындан тышкары, катта ал бир туугандарын ынтымактуу болууга чакырган.
Ал арада Сот аткаруучулар кызматы Кубанычбек Капаловдун өлүмү кызматтык ишине байланыштуу эместигин билдирди.
Эске салсак, мекеменин жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капалов кечээ өз өмүрүнө кол салганы кабарланды. Бишкек ШИИБи суициддин себеби карыз болушу ыктымал экенин айтууда.
Милиция аткаминердин өлүмүнүн чоо-жайын айтты