Кыргыз жарандарын мекенге кайтаруу иштери уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында, министрлик тарабынан Кувейт , Бахрейн жана Катардын аймактарындагы Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча кезектеги атайын эвакуациялык авиакаттам уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Эвакуациянын биринчи этабында, жарандардын тизмеси түзүлүп, виза жана өлкө аймагынан чыгуу үчүн уруксаттар алынган. Күн мурун, 13-мартта жарандар Эль-Кувейт, Манама жана Доха шаарларынан автобустар менен Эр-Рияд шаарына багыт алды. Эвакуация процесси аяктап, жарандар мекенге кайтып келгенден кийин ТИМ кошумча маалымат берет.
Маркетплейстерде соода кылган ишкерлер үчүн жаңы салык тартиби киргизилди Кыргызстандын Салык кызматы электрондук эсеп-фактуралар (ЭСФ) боюнча жаңы механизм киргизди. Ага ылайык, ишкерлер үчүн салык милдеттенмеси товар реалдуу сатылгандан кийин гана пайда болот. Жаңылык Ozon жана Wildberries сыяктуу ири маркетплейстер аркылуу соода кылган ишкерлерге тиешелүү. Жаңы тартипке ылайык, товар маркетплейстин кампасына жөнөтүлгөндө өзгөчө түрдөгү ЭСФ толтурулат. Бул документ товар сактоого өткөрүлгөнүн гана тастыктайт жана дароо салык милдеттенмесин жаратпайт. Салык товар кардарга сатылып, маркетплейс акчаны сатуучунун эсебине которгондон кийин гана эсептелет. Салык кызматы бул ыкма ишкерлерге кампада узак убакыт сакталган товар үчүн алдын ала салык төлөбөөгө мүмкүнчүлүк берерин жана чакан жана орто бизнес үчүн салык отчеттуулугун жеңилдетерин белгиледи.
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-февраль айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы өсүшү өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 1,9 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Статистикалык маалыматтарга таянсак, жыл башынан бери товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүндө кымбаттоо байкалган. Алсак: калкка көрсөтүлүүчү кызматтар 3,6 пайызга; алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 2,2 пайызга; тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 2,1 пайызга; азык-түлүк эмес товарлар 0,4 пайызга. Керектөө бааларынын өсүшү республиканын бардык аймактарында катталды. Эң жогорку көрсөткүч Ысык-Көл облусунда байкалып, баалар 4,2 пайызга чейин көтөрүлгөн
Иран Ормуз кысыгын айрым мунай ташыган танкерлер үчүн юань менен эсептешүү шартында ачышы мүмкүн. Бул тууралуу CNN телеканалы ирандык жогорку даражалуу чиновникке таянып билдирди. Маалыматка ылайык, бул Ирандын дүйнөдөгү маанилүү деңиз жолдорунун бирине көзөмөлдү күчөтүү планынын бир бөлүгү болуп саналат. Буга чейин Иран кысык жабылышы мүмкүн экенин билдирип, аны АКШ жана Израиль менен болгон тирешүүдө басым куралы катары колдонушу мүмкүн экенин айткан. Ошол эле учурда Франция жана Италия баштаган бир катар Европа өлкөлөрү өз кемелеринин коопсуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы Financial Times басылмасы тарабынан маалымдалды