Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Курманкул Зулушев депутаттык мандатынан ажыратылдыИран АКШнын элчилиги менен танкерине сокку урдуКар көчкүнү атып түшүрүү. Бишкек – Нарын – Торугарт жолу убактылуу жабылатБорбордук шайлоо комиссиясы Курманкул Зулушевди депутаттык мандатынан ажыратты. Комиссиянын отуруму өттү. Зулушевдин мандатты тапшыруу боюнча арызы БШКга кечке маал түшкөн. Эми анын ордуна 10-округда алган добуштар боюнча кийинки кезекте турган Улукбек Ормонов келиши ыктымал.
Бүгүн, 14-мартта саат 14:00дөн 18:00гө чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 294-304-чакырым аралыгында (Кара-Үңкүр капчыгайы) кар көчкүнү атайлап атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Транспорт министрлигинен билдиришкендей, кар көчкүнү атып түшүрүү иштерине байланыштуу аталган тилкеде жол кыймылы убактылуу жабылат. "Айдоочулардан түшүнүү менен кабыл алып, коопсуздук талаптарын так сактоону жана мүмкүнчүлүк болсо көрсөтүлгөн убакыт аралыгында бул тилкеде сапарга чыкпоону өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.
Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 миллиард сом талап кылынат Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 миллиард сом талап кылынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында вице-мэр Азамат Кадыров билдирди. Жыйында депутаттар административдик-аймактык реформага байланыштуу шаарды өнүктүрүүгө керектелген каражаттын көлөмү кандай эсептелгенин сурашты. Азамат Кадыровдун айтымында, тиешелүү эсептөөлөр даярдалган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, шаарга кошулган аймактарды өнүктүрүүгө кеминде 39 миллиард сом талап кылынат. Ал кошумчалагандай, сөз бюджеттен тышкаркы каражаттар тууралуу болуп жатат. Бул каражаттар инженердик коммуникацияларды курууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталат.
Балыкчы шаарындагы көл жээгинде жайгашкан Green City эс алуу борборунун аймагында, көл үстүндө тик учак коно турган аянтча пайда болду. Бул тууралуу аталган компаниянын өкүлү Рысбек Баракбеков "Кабар" агенттигине билдирди. Маалыматка ылайык, өзгөчө аянтча көл жээгинен ичкери карай созулган 400 метрлик толкун тоскучтун (волнорез) башына жасалган. Ал белгилегендей, бул чечим эстетикалык гана эмес, практикалык максатты да көздөйт. "Эми жарандар үчүн жылдын бардык мезгилинде көл үстүндө тик учак менен учуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бүгүн бизге инвесторлор жеке тик учак менен учуп келишти. Алар сыноо иретинде аянтчага конуп көрүштү. Сыноо ийгиликтүү өтүп, аянтчанын коопсуздугу тастыкталды", — деди компания өкүлү. Белгилей кетсек, бул аянтча эс алуучулар үчүн жаңы кызматтарды көрсөтүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жана өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам аракеттенүүгө шарт түзөт.
АКШнын Багдаддагы элчилиги чабуулдан кийин түтөп жатат. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды. “Чабуул тууралуу маалыматтан кийин Багдаддагы АКШ элчилигинин үстүнөн түтүн көтөрүлүп жатат. Ошондой эле аба чабуулу тууралуу эскертүү сиреналары угулууда”, — деп айтылган маалыматта. Press TV телеканалы Ирактагы маалымат булактарына таянып, дипломатиялык миссиянын радиолокациялык системасына камикадзе-дрон сокку урганын айтты. Ошондой эле ушул эле телеканал АКШнын танкери Шарджа шаарынын жанында соккуга кабылып, өрттөнүп кеткенин билдирди.