Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
2025-жылы Кыргызстанда 137 миң 980 төрөт катталган, бул мурунку жылга салыштырмалуу болжол менен 2 миңге аз. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева билдирди. Анын айтымында, өлкөдө төрөттүн азаюу тенденциясы байкалууда. Эгерде буга чейин төрөттүн саны жылына 150 миңдин тегерегинде болсо, учурда бул көрсөткүч 20-30 миңге кыскарган. Ибраева белгилегендей, төмөндөө бир катар факторлорго байланыштуу. Тактап айтканда, жаштардын көз карашы өзгөрүүдө – көбү балалуу болгонго чейин алгач бутуна туруп, туруктуулукту камсыз кылууга умтулушат. Статистикалык маалыматтарга таянсак, өлкөнүн түштүк аймактарында төрөттүн деңгээли олуттуу деле төмөндөгөн эмес, ал эми түндүк облустарда төрөттүн саны кыйла азайган.**Дарыгерлердин айлыгы 1-апрелден тарта 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев билдирди. Ал Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында суроолорго жооп берди. "Ай сайын дарыгерлер менен медайымдардын маянасына президенттик фонддон дагы 15 миң сом кошулат. Аз болсо да дарыгерлерибизге стимул болот деп ойлойбуз", — деди Мамадалиев. Ал ошондой эле аймактарда иштеп жаткан жаш адистердин үч айда бир ала турган депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көтөрүлгөнүн кошумчалады. Мамадалиев учурда 500 дарыгер депозит аларын, жыл аягына чейин дагы 2 миң адиске депозит берүү пландалып жатканын билдирди. Мындан тышкары, алыскы региондордо иштеген тартыш адистерге: неонатологдорго, педиатрларга жана реаниматологдорго ай сайын 20 миң сомдон кошумча акча берилүүдө.
Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков фермерлердин мал арасында ар кандай ылаң көбөйдү деген тынчсыздануусун улам өлкөдөгү эпизоотиялык абалды көзөмөлгө өзү алмай болду.Акунбеков тиешелүү кызматтарга ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүгө, эпизоотиялык абалга көз салып текшерип чыгууга, чарбаларда алдын алуу, түшүндүрүү иштерди арбытууга тапшырма берди."Мындан тышкары, республикалык бюджеттен биологиялык препараттарды жана лабораториялык диагностикалык комплекстерди сатып алууга каражат бөлүнгөнү да белгилүү", — деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан. Буга чейин депутат Дастан Бекешев көптөгөн фермерлер малы шарп оорусуна чалдыкканын айтып жатышканын билдирген. Ал аткаминерлер бул маалыматты элден жашырып коюшу мүмкүн экенин белгилеген. Бирок Айыл чарба министрлиги кырдаал туруктуу экенин маалымдады. Ведомствонун айтымында, ооруга иммунитети алсыз уйлар чалдыккан, аларды дарылашууда.**Бишкектеги Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, автобекеттеги жер тилкесин “Айдоочулар союзу” ЖЧКсы пайдаланып жүргөн жана шаардык бюджетке ижара акысы төлөнбөстөн колдонулуп келген. Учурда мэрия бул жерди кайрадан муниципалдык менчикке өткөрү