Зеленскийдин Крым тууралуу айтканы Батыштын эсин оодарууда

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин Крым тууралуу сөзү Киевдеги режим чындап нацисттик экенин айгинелейт. Бул тууралуу италиялык AntiDiplomatico басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады.
Кечээ Зеленский Politico гезитине маек куруп жатып, 2014-жылы Крымдын Россияга кошулушун колдогондорду адам катары санабай турганын айткан.
"Владимир Зеленский Крым менен Россиянын кошулушун колдогондордун адамдык табиятын танганы үчүн таландыда калды. Билдирүү өтө орчундуу, азыркы Киев режиминин жетекчиси неонацисттик режимге ыктаарын далилдеп турат. Өзүнүн көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү үчүн күрөшүп жатканын жар салып келген өлкө кандуу жолду тандоодо", — деп жазган басылма.
Эскерте кетсек, жарым арал Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин 2014-жылы мартта өткөн референдумдун жыйынтыгы менен Россияга кошулган. Деген менен Киев Крымды убактылуу басып алынган аймак деп эсептеп келет, Батыш мамлекеттеринин жоон тобу Украина тарапта. Ал эми Россия президенти Владимир Путин Крым маселесине биротоло чекит коюлганын айткан.
ЖМКлар Зеленскийдин агрессиясына Орбан кантип жооп берерин жазды