БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Россия Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу заттарды мурдагысындай эле жиберип турууга кепилдик берет, бул жаатта тартыштык болбойт. Бул туурасында экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов айтты.
Аткаминер Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн Кыргызстандын 2026-жылга карата өнүктүрүүсү боюнча брифингге катышты.
"Негизинен продукцияны Россиядан алабыз. Биздин квотабыз бар, тышкы себептерге карабай, РФ рыногубузга мурдагысындай эле жиберип турууга кепилдик беришет. Майдан тартыш болбойбуз деген ишеним бар", — деген Сейитов.
Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов күйүүчү-майлоочу май акырындык менен 2,5-3 сомго кымбатташы ыктымалдыгын айтты.
Ал мындай учур эгерде күйүүчү майды заводдордон сатып алуунун наркы арзандабаса болушу мүмкүндүгүн айтты.