БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандын руханий лидери, маркум Али Хаменеинин ордундагы уулу Можтаба бул кызматта турганда элге чыга албайт деген билдирүүсүн таратты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Мурдагы тиранды жок кылдык, эми жаңысы... Элдин алдына чыга албайт", — деген Нетаньяху маалымат жыйында.
Израилдин өкмөт башчысы бул согушта алдыда дагы бир топ күтүлбөгөн "белектер" турганын, бирок аны азырынча коомчулукка жар салбастыгын айтып, көкүрөк каккан. Тагыраагы, бул Ирандын жаңы руханий лидери менен "Хезболланын" башкы катчысына байланыштуу деп "белегинин" четин чыгарган.
Эске салсак, 2026-жылдын 28-февралында АКШ менен Израиль биргелешип, Иранга чабуул жасаган. Бул кол салуу жетекчилеринен тарта жай жарандарга чейин санай келгенде жарым миңден ашык адамдын өмүрүн алды. Алардын ичинде бейкүнөө кеткен 200гө чукул окуучу кыз бар. Мындан сырткары, аталган мамлекеттин руханий лидери Али Хаманеиден тарта бир нече аскер башчы каза тапкан. Буга жооп кылып Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерде жайгашкан аскер базаларына чабуул коюп келет.