Жүк ташуучу болуп иштегем... Манастын мэри карьерасы тууралуу айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов журналисттерге өзүнүн эмгек жолу тууралуу айтып берип жатып, азыркы кызматка дайындалышы ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирди.
Шаар башчысы эмгек ишмердүүлүгүн Майлуу-Суу заводунда жөнөкөй жумушчу катары баштаган, ал жерде техник жана жүк ташуучу болуп иштегенин белгиледи.
"1991-жылы Базар-Коргондо мунай затты эсепке алуу инженери болуп иштеп баштагам, ал эми 1993-жылы механик болуп дайындалдым. Андан кийин бир нече жыл бизнес менен алектендим. Бизнесим толугу менен кыйрагандыктан Убактылуу өкмөт менен соттошууга туура келген. 2-3 жыл таксист болуп дагы иштедим", — деди Маткаликов.
2020-жылы Маткаликов Садыр Жапаровдун сунушу менен "Мекенчил" партиясынын атынан Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан, ал эми 2021-жылы "Ишеним" партиясы менен чыккан. "Манас" аэропортунун жетекчисинин кеңешчиси болуп дагы иштеген, кийин Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы пансионаттын башчысы болгон.
Канатбек Чыныбаев ӨКМге жетекчи болуп дайындалды. Өмүр баяны