БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков фермерлердин мал арасында ар кандай ылаң көбөйдү деген тынчсыздануусун улам өлкөдөгү эпизоотиялык абалды көзөмөлгө өзү алмай болду.
Акунбеков тиешелүү кызматтарга ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүгө, эпизоотиялык абалга көз салып текшерип чыгууга, чарбаларда алдын алуу, түшүндүрүү иштерди арбытууга тапшырма берди.
"Мындан тышкары, республикалык бюджеттен биологиялык препараттарды жана лабораториялык диагностикалык комплекстерди сатып алууга каражат бөлүнгөнү да белгилүү", — деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан.
Буга чейин депутат Дастан Бекешев көптөгөн фермерлер малы шарп оорусуна чалдыкканын айтып жатышканын билдирген. Ал аткаминерлер бул маалыматты элден жашырып коюшу мүмкүн экенин белгилеген. Бирок Айыл чарба министрлиги кырдаал туруктуу экенин маалымдады. Ведомствонун айтымында, ооруга иммунитети алсыз уйлар чалдыккан, аларды дарылашууда.