БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстан өзүнүн көчмөн цивилизациялардын мурасынын сакталуусу, өнүгүүсү жана эл аралык деңгээлде илгерилетилиши боюнча борбор деген статусун мыйзам менен бекитүүнү ниеттенүүдө.
Мындан тышкары, өлкө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына эл аралык маданий-гуманитардык институт катары өзгөчө статус берүүнү пландаштырууда. Бул нормалар атайын конституциялык мыйзамга киргизилмекчи.
Маданият министрлиги мунун эмне үчүн керек экенин төмөнкүчө түшүндүрдү:
Кыргызстандын ДКОну өнүктүрүүдөгү алдыңкы ролун жоготуу коркунучу бар;
көчмөн турмуш салттарын сактоочу катары кыргыз улутунун улуттук өзгөчөлүгүн бекемдөө үчүн шарттарды түзүү.