Маалымат борбор

Кыргызстан кантип аймактык хабга айланат. Министрликтин планы

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстанды хабга айлантуу аракети кандайча ишке ашарын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Sputnik маалымат борборунда айтып берди.
Белгилей кетсек, 13-февралда президенттин администрациясынан республиканы региондун транспорттук-логистикалык, финансылык жана соода агымдары өтүп турган борборго айлантуу планы тууралуу кабарланган.
Сейитов бул максатта өлкөнүн транспорттук инфраструктурасына чоң көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Мында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу эң орчундуу долбоор болмокчу. Буга катар эле жол түйүнү да өнүгүүдө: Түндүк — Түштүк жолу курулуп, Бишкек — Ош трассасы иштеп жатат, мындан тышкары, башка жолдор да жаңыланууда.
"Географиялык жайгашуусунан улам Кыргызстан аркылуу өткөн жүк башка маршруттарга караганда белгиленген чекке тез жетет. Бул республиканы эл аралык логистика үчүн абдан ыңгайлуу аянтчага айлантууда", — деди Сейитов.
Ал транспорттук түйүндүн өнүгүшү өлкө ичинде товарды эрте жеткирүүгө, транзиттик жүк үчүн кампаларды, транспорттук-логистикалык жана бөлүштүрүүчү борборлорду курууга мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.
Маалымат борбор
Экономика министрлиги: эл акчаны көп сарптабай, үнөмдөсө дейбиз