Кубанычбек Конгантиев 10-майга чейин камакка алынды

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Экс-депутат Кубанычбек Конгантиев 10-майга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Ленин райондук соту чыгарды.
46 жаштагы мурдагы депутатка 10-мартта иш козголгон. Ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелүүдө.
Конгантиев азыркы чакырылыштагы парламентке №21 Ленин шайлоо округунан депутат болуп келген. Буга чейин ал бир нече жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп да шайланган.
Анын ордуна кийинки тизме боюнча Чыңгыз Айдарбеков келиши ыктымал.
Бир тууганымды дагы аябайм! Садыр Жапаровдун парламенттеги кеби