БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Каракол шаарындагы бир катар медициналык мекемелерди кыдырып, жаңы облустук оорукананын курулушун текшерип, 150 миллион долларлык эл аралык медициналык кластердин долбоорун көрдү.
Өкмөт башчы 1968-жылы курулган, 550 орунга ылайыкталган облустук бириккен оорукананы карап чыгып, реанимация жана хирургия бөлүмдөрүн кыдырды. Ошондой эле медициналык жабдуулардын абалын жана бейтаптарды дарылоо шарттарын текшерди.
Касымалиев ошондой эле 350 орундуу жаңы оорукананын корпусунун курулушунун жүрүшүн көрдү. Курулуш иштери 2024-жылы башталган, имарат сегиз блоктон турат. Аны 2027-жылы бүтүрүү пландалууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүнү, жаш дарыгерлерге мамлекеттик ипотека аркылуу батир бөлүп берүүнү, ошондой эле кызматтык турак жай куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Касымалиевге ошондой эле Каракол шаарында курула турган эл аралык медициналык кластердин долбоору көрсөтүлдү. Баасы 150 миллион доллар болгон борбор 510 орунга эсептелип, 750 жумуш ордун түзүү каралган. Бул кластерди КМШ өлкөлөрү үчүн жогорку технологиялуу медицина жана медициналык туризмдин аймактык борбору кылып түзүү пландалууда.