14-мартка карата аба ырайы

14-мартта күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Ишембиде туруксуз аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 4…9, Талас чөлкөмүндө 3…8, Ысык-Көл облусунда 2…7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 9…14, Нарын өрөөнүндө -3…+2 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 6…8, Ош шаарында 12…14 градусту түзөт.
Бишкек менен Чүйдө катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп, дарактар кулады