БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Ирандын энергетикалык жайларына чабуул кылам деген аракеттерге жооп иретинде Американын Жакынкы Чыгыштагы нефтебазаларына сокку урулат. Бул туурасында "Хатам аль-Анбия" борбордук аскер штабынын башчылыгынан айтышты.
"Душманга жана анын бардык союздаштарына эскертебиз. Ирандын энергетикалык инфратүзүмүнө жана портторуна жасалган кичинекей эле чабуулга бизден кыйратуучу жана талкалоочу жооп аласыңар. Мындай кол салуу болгон учурда чөлкөмдөгү АКШ жана анын батыштык союздаштары кызыкдар болгон бардык мунай, газ инфратүзүмдөрү өрттөлүп, жок болот", — деп билдирүүдө айтылган.
Кечээ Ирандын жаңы руханий лидери Можтаба Хаменеи элине кайрылып, өлкө Израиль-Америка кол салуусунан курман болгондордун кунун кууй турганын айтты. Мындан сырткары, Вашингтон менен Тель-Авивден кенемте талап кылды.
Аятолла Ормуз кысыгы Иран аны "жаңжалдагы рычаг" катары пайдаланышы үчүн жабык турушу керектигин кошумчалаган.