Маалымат борбор

Экономика министрлиги: эл акчаны көп сарптабай, үнөмдөсө дейбиз

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов өлкөнүн экономикасы жакшырганын, бирок баалар өскөнүн белгиледи. Тактап айтканда, бул жумушчу күчкө болгон суроо-талаптын өсүшү жана эмгек акынын жогорулашы инфляцияга таасир этүүдө.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда Кыргызстандын 2026-жылга карата өнүктүрүүсү боюнча брифинг берди.
"Өкмөткө жана Улуттук банкка инфляцияны биргелешип кармоо боюнча тапшырма берилген. Ошондой эле быйыл эсептик чен 12 пайызда сакталары болжолдонууда, бул болсо керектөөчүлүк суроо-талапты чектеп, элди акчаны үнөмдөөгө, көп сарптабоого шыктандырат", — деди Сейитов.
Эсептик чен — өлкөдөгү насыя жана депозиттердин пайыздык ченине таасир этүүчү негизги көрсөткүч. Эгер эсептик чен жогору болсо калк жана бизнес үчүн насыя да кымбат болот. Мында жарандар жана бизнес аз карыз алат, чыгымы аз болот. Натыйжада акча жүгүртүү азайып, суроо-талап төмөндөйт. Товарлар менен кызматтардын баасы жай өсөт же түшөт. Демек, инфляция басаңдайт.
Экономист: товарлар арзандабайт, тескерисинче, кымбатташы мүмкүн