Эшигин тарткылап, кызды ашата сөккөн. Бишкектеги жагымсыз окуянын видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Борбор калаада жолдо жаралган кырдаалга ичи чыкпаган рулдагы киши машина айдаган кызды ашата сөккөн видео тарады.
Маалыматта эркек киши тийиштүү белги бербей жолго чыгып кетип, артынан келатып сигнал берген айдоочу кызга басып келип, эшигин тарткылаган. Андан сырткары, уят сөздөр менен сөккөн.
Автордун айтымында, окуя кечээ Бишкектин чыгыш тарабындагы Кара-Жыгач конушунда болгон.
Октябрь райондук милициясы окуя катталып, тергөөгө чейинки текшерүүлөр башталганын билдирди.
Кыз зордуктоого шектелген адам оор жүк ташуучу унаа менен көчө аралай качты. Видео