БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет апрель айындагы аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.
Синоптиктер абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-2 градус жогору болорун билдиришүүдө. Ал эми жаан-чачын норманын чегинде болмокчу.
Чүй
Чүйдө абанын температурасы түнкүсүн +1…+6 градустан +11…+16 градуска чейин, айрым түндөрү -2...-6 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз +11...+16 градустан +20...+25 градуска чейин көтөрүлөт. Айрым күндөрү кайра +5 градуска чейин түшүп, кээде +32 градуска чейин ысышы божомолдонду.
Талас
Таласта түнкүсүн +1...+6 градустан +9...+14 градуска чейин жылуу болуп, кээде -3...-5 градуска чейин үшүк жүрөт. Күндүз +9...+14 градустан +19...+24 градуска чейин жылыйт. Айрым күндөрү күндүн табы +31 градуска чейин чыгат.
Ош, Жалал-Абад, Баткен
Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн +2...+7 градустан +11...+16га чейин жылыйт. Кээде -2ге чейин түшөт. Күндүз +12...+17ден +22...+27 градуска чейин көтөрүлүп, кээде +33 градуска чейин чыгат.
Ысык-Көл
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...+1ден +6...+11 градуска чейин болот. Күндүз +9...+14төн +19...+24, айрым күндөрү +3 градуска чейин түшөт.
Нарын
Нарында түнкүсүн 0...-5тен +5...+10 градуска чейин, күндүз +3...+8ден +13...+18 градуска чейин көтөрүлөт. Айрым күндөрү +24 градуска чейин жогорулайт.