БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. АКШ 12-мартка карата кемелерге жүктөлгөн Россиянын мунайын жана андан жасалган продукцияларды сатууга уруксат берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Агенттик муну Американын Финансы министрлигинин чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) башкы лицензиясындагы маалыматка шилтеме кылып кабарлады.
"Жогоруда аталган ченемдик актылар менен тыюу салынган. Бирок 2026-жылдын 12-мартында Чыгыш жээк (жайкы убакыт — ред.) убактысы боюнча саат 00:01ге чейин каалаган кемеге (анын ичинде өтпөсүн деген суднолорго дагы) жүктөлгөн Россия мунайын сатууга, жеткирүүгө же түшүрүүгө зарыл болгон бардык операцияларга 2026-жылдын 11-апрели саат 00:01ге чейин уруксат берилет", — деп айтылган анда.
Лицензияда документте ачык көрсөтүлбөгөн башка иштерге, мунун ичинде Иранга, анын өкмөтүнө, ошондой эле аталган өлкөнүн товарларына же кызматтарына тиешелүү болгон иштерге тоскоолдук болбошу такталган.
Россия президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев билдиргендей, АКШ орус мунайына карата чектөөлөрдү алуу менен иш жүзүндө ансыз дүйнөлүк энергетикалык рыноктун туруктуулугун сактоо мүмкүн эмес экенин моюнга алууда.
"АКШнын финансы министри Скотт Бессент Кошмо Штаттар Индиянын орус мунайын сатып алуусуна коюлган чектөөнү бошоңдотуп эле тим болбогондугун айтты. Андан тышкары, Россиянын транзитте турган 100 миллион баррелге чукул нефтисинен да болгон-бүткөн чектөөлөрдү алган", — деген ал.
Өткөн аптада Бессент Түштүк Азиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун ишин камсыз кылуу үчүн Индияга орус мунайын сатып алууну улантууга уруксат берилгенин билдирген эле. Ошол эле учурда Нью-Делинин жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн бири бул маселеде анын өлкөсү эч качан бирөөнүн эркине көз каранды болбогонун баса белгилеген. Анын айтымында, Американын санкцияларынын жакында алынышы Индиянын энергетикалык саясатын бутуна тургузуп койду дегендик эмес, ал болгону ортодогу келишпестиктерди гана четтетет.
Израиль жана АКШнын Иран менен жаңжалынан улам Перс булуңундагы өлкөлөрдөн дүйнөлүк энергетика рыногуна жеткирүүчү негизги жол болгон Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдары иш жүзүндө токтоп калды.
Дүйшөмбү күнү Brent маркасындагы мунайдын баасы 2022-жылдын июнь айынан бери алгачкы жолу 119 доллардан өйдө болду.
Газдын баасы да кымбаттап жатат, бул өзгөчө Европада байкалууда. Февралдын аягынан бери ал жактагы биржалык баалар 100 пайыздан ашык өстү.
Ошентип, бул чечим бир жагынан АКШнын Орусияга каршы катаал санкциялары айрым учурларда Батыштын өзүнө жана дүйнөлүк рынокко терс таасирин тийгизип жатканын моюнга алуусу да болду.