Дарыгерлердин айлыгы 1-апрелден тарта 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев билдирди. Ал Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында суроолорго жооп берди. "Ай сайын дарыгерлер менен медайымдардын маянасына президенттик фонддон дагы 15 миң сом кошулат. Аз болсо да дарыгерлерибизге стимул болот деп ойлойбуз", — деди Мамадалиев. Ал ошондой эле аймактарда иштеп жаткан жаш адистердин үч айда бир ала турган депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көтөрүлгөнүн кошумчалады. Мамадалиев учурда 500 дарыгер депозит аларын, жыл аягына чейин дагы 2 миң адиске депозит берүү пландалып жатканын билдирди. Мындан тышкары, алыскы региондордо иштеген тартыш адистерге: неонатологдорго, педиатрларга жана реаниматологдорго ай сайын 20 миң сомдон кошумча акча берилүүдө.
Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков фермерлердин мал арасында ар кандай ылаң көбөйдү деген тынчсыздануусун улам өлкөдөгү эпизоотиялык абалды көзөмөлгө өзү алмай болду. Акунбеков тиешелүү кызматтарга ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүгө, эпизоотиялык абалга көз салып текшерип чыгууга, чарбаларда алдын алуу, түшүндүрүү иштерди арбытууга тапшырма берди. "Мындан тышкары, республикалык бюджеттен биологиялык препараттарды жана лабораториялык диагностикалык комплекстерди сатып алууга каражат бөлүнгөнү да белгилүү", — деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан. Буга чейин депутат Дастан Бекешев көптөгөн фермерлер малы шарп оорусуна чалдыкканын айтып жатышканын билдирген. Ал аткаминерлер бул маалыматты элден жашырып коюшу мүмкүн экенин белгилеген. Бирок Айыл чарба министрлиги кырдаал туруктуу экенин маалымдады. Ведомствонун айтымында, ооруга иммунитети алсыз уйлар чалдыккан, аларды дарылашууда.
Кыргызстан өзүнүн көчмөн цивилизациялардын мурасынын сакталуусу, өнүгүүсү жана эл аралык деңгээлде илгерилетилиши боюнча борбор деген статусун мыйзам менен бекитүүнү ниеттенүүдө. Мындан тышкары, өлкө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына эл аралык маданий-гуманитардык институт катары өзгөчө статус берүүнү пландаштырууда. Бул нормалар атайын конституциялык мыйзамга киргизилмекчи. Маданият министрлиги мунун эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү: Кыргызстандын ДКОну өнүктүрүүдөгү алдыңкы ролун жоготуу коркунучу бар; көчмөн турмуш салттарын сактоочу катары кыргыз улутунун улуттук өзгөчөлүгүн бекемдөө үчүн шарттарды түзүү.
Ирандын энергетикалык жайларына чабуул кылам деген аракеттерге жооп иретинде Американын Жакынкы Чыгыштагы нефтебазаларына сокку урулат. Бул туурасында "Хатам аль-Анбия" борбордук аскер штабынын башчылыгынан айтышты. "Душманга жана анын бардык союздаштарына эскертебиз. Ирандын энергетикалык инфратүзүмүнө жана портторуна жасалган кичинекей эле чабуулга бизден кыйратуучу жана талкалоочу жооп аласыңар. Мындай кол салуу болгон учурда чөлкөмдөгү АКШ жана анын батыштык союздаштары кызыкдар болгон бардык мунай, газ инфратүзүмдөрү өрттөлүп, жок болот", — деп билдирүүдө айтылган. Кечээ Ирандын жаңы руханий лидери Можтаба Хаменеи элине кайрылып, өлкө Израиль-Америка кол салуусунан курман болгондордун кунун кууй турганын айтты. Мындан сырткары, Вашингтон менен Тель-Авивден кенемте талап кылды. Аятолла Ормуз кысыгы Иран аны "жаңжалдагы рычаг" катары пайдаланышы үчүн жабык турушу керектигин кошумчалаган.