Акыркы учурда микрокредиттерди берген уюмдар жана аны колдонуучулар көбөйдү. Алсак, 2025-жылдын алгачкы тогуз айында эле өлкө боюнча 796 800 адам насыя алган. Микрокаржылоонун кандай коркунучтары бар жана кантип карызга батып кетүүнү алдын алабыз? Бул суроолорго “Sputnikтен сүйлөйбүз” программасынын алкагында адистен жооп алдык.