Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жигердүү жүрүүдө. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди. Анын айтымында, темир жолдун жалпы узундугу 305 чакырымды түзөт. Учурда иштер бир эле учурда бир нече тилкеде жүргүзүлүүдө. "Бүгүнкү күндө төрт ири туннелди казуу иштери башталды. Долбоор боюнча жалпысынан 29 туннель жана 50 көпүрө куруу каралган. Кыш мезгилине байланыштуу бетон куюу иштери убактылуу токтотулганы менен туннелдердин ичиндеги жумуштар үзгүлтүксүз уланууда. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы мөөнөтү 6 жылды түзөт. Учурда курулуштун бир жылы артта калды", - деди ал. Дастан Усубакунов белгилегендей, бардык багыттар боюнча иштер бекитилген графикке ылайык жигердүү жүрүп жатат.
Кыргызстан Бишкектин жана кырдаалдык башкаруу улуттук системасынын санарип эгизин түзүүдө россиялык технологияларды колдонууну мерчемдеп жатат. Мындай чечим КР делегациясынын Санкт-Петербургга жасаган сапарынын жыйынтыгы менен белгилүү болгонун Central Asia Capital фонду билдирди. Кыргыз делегациясы Санкт-Петербургдун "акылдуу шаар" инфраструктурасын көрүп чыккан. Соңку жолугушуу Смольныйда өткөнү айтылды. КР президентинин администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору Азат Ибраимовдун айтымында, республика россиялык чечимдерге таянып, санарип башкаруу системасын өнүктүрмөкчү. Технологияларды жеткирүүдө Central Asia Capital фонду ортомчу болот. Шаардын санариптик эгизи — бул көп катмарлуу интерактивдүү карта. Ал реалдуу убакыт режиминде шаар жашоосуна байланышкан жүздөгөн көрсөткүчтөрдү, анын ичинде коммуналдык кызматтардын ишин, жолдордун жүктөмүн жана мамлекеттик түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Фонд аталган долбоордун бир бөлүгүн кеминде эки жыл каржылоого даяр экенин белгиледи. Кийин тажрыйбаны Кыргызстандын бардык регионуна жайылтуу каралып жатат. Анда шаар менен облустардын ортосундагы көрсөткүчтөрдү салыштырып мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болот.
Бишкекте аз камсыз болгон 500 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктары тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, кайрымдуулук акциясы ыйык Орозо айында Түрк кызматташтык жана координация агенттиги менен биргеликте уюштурулду. Анда азык-түлүк баштыкчалары министрлик тарабынан аныкталган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тапшырылды.
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы ЕАЭБ ичинде кооптуу жүк ташууга атайын уруксат берүүчү айрым процедураларды ыңгайлаштырууну жактырды. Маалыматка ылайык, мүчө мамлекеттерге мындай уруксаттарды алты күндүн ичинде берүү сунушталууда. Берилген документтин максималдуу колдонуу мөөнөтү бир жылдан ашпоого тийиш. "Өзгөртүүлөр ташуучулар үчүн атайын уруксаттарды алуу жана тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, транспорттук-логистикалык жана көзөмөл процедураларына байланышкан чыгымдарды азайтууга шарт түзөт".