Жапаров: Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу бизди тынчсыздандырууда

Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Ал конфликт ыйык Орозо айында болуп жатканы абдан өкүнүчтүү экенин белгилеген.
“Биз аймактагы элдер менен бирге, жай турмушта күн кечирген элдин арасында көптөгөн жарандар курман болуп жаткандыгына байланыштуу алардын жакындары менен туугандарынын орду толгус кайгы-муңун тең бөлүшөбүз. Мындай апаатка алып келген аракеттердин баарын айыптайбыз”, — деди өлкө башчы.
Ал Кыргызстан БУУнун Уставына жана таанылган эл аралык укук принциптерине ылайык, аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактай турганын белгиледи.
“Тараптарды сабырдуулукту карманууга, согуш аракеттерин дароо токтотууга жана кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн, конструктивдүү диалогго тезирээк кайтып келүү үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө чакырабыз”, — деди Жапаров.
Эске салсак, 28-февралда Америка Кошмо Штаттары менен Израиль Иранга каршы ири чабуулдарды баштаган. Сокку Минаб шаарындагы кыздар үчүн башталгыч мектептин имаратына тийген. Ирандын билим берүү министри Алиреза Каземи каза болгон окуучулар менен мугалимдердин саны 200дөн ашык экенин айткан.
Ирандагы бомбаланган кыздардын өлүмүнө АКШ жоопкерчилик алышы керектиги айтылды