БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Россиянын ТИМ өкүлү Мария Захарова БУУнун Коопсуздук кеңешинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча орус тарап сунуштаган резолюцияны дээрлик эч ким колдобогонун айтты. Бул тууралуу РИА новости жазды.
Захарова бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү азыркы чатакты токтотууга кызыкдар эмес деп эсептейт.
“Мындай резолюцияны бардык жооптуу мүчөлөр колдошу керек эле. Бирок биздин демилгеге Кытай, Пакистан жана Сомали гана добуш берди. Бул башкалар Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотууга кызыкдар эместигин билдирет”, – деди ал.
Дипломат белгилегендей, АКШ менен Латвия каршы добуш берсе, калган өлкөлөр добуш берүүдөн карманган. Бирок алдын ала сүйлөшүүлөрдө Россиянын сунуштамасына эч кандай даттануу түшкөн эмес.
Захарова Жакынкы Чыгыштагы гуманитардык абалды өтө начар деп баалап, АКШ менен Израилдин Иранга жасаган чабуулундагы курмандыктардын саны миңге жеткенин белгиледи.