БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкектеги коомдук тамактануучу жайлардын биринен уулангандардын саны 20га жетип, бир киши жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
Эскерте кетсек, окуя кечээ Buffet ашканасында болгон. Санэпидкөзөмөл агенттиги 11 адам ооруканага түшүп, калган экөө амбулатордук дарыланууда экенин кабарлаган.
Аалиевдин айтымында, инфекциялык ооруканага 19 адам жаткырылган. Анын бири жандандыруу бөлүмүндө болсо, дагы бир ууланган киши амбулатордук дарыланууда.
"Жандандыруу бөлүмүндөгү адам 34 жашта. Уулангандардын арасында 4, 8 жана 10 жаштагы беш бала бар", — деди башкы дарыгер.
Белгилей кетсек, коомдук тамактануучу жайга 23 миң сом айып салынып, убактылуу жабылганы айтылган болчу.