БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. 11-март күнү Ош мамлекеттик университетинде "Евразиялык билим берүүнүн көргөзмөсү" өттү.
Иш-чарада Россия, Казакстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын экспозициялары коюлган. Келгендерге медицина, маалыматтык технологиялар, биоинженерия, металлургия, тоо-кен иши жана башка багыттар боюнча окуу мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Көргөзмөнү Россиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистин ачты.
Иш-чара Евразия кызматташтык уюму" автономдук коммерциялык эмес уюму тарабынан Агартуу министрлиги, Маданият министрлиги жана Ош мэриясынын көмөгү, ошондой эле Россиянын Башкы консулдугу менен "Русский дом" борборунун колдоосу менен уюштурулду.
Кыргызстандыктар үчүн аталган жогорку окуу жайларына өтүү үчүн документтерди кабыл алуунун жеңилдетилген системасы иштейт.