БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Венгрия өкмөтүнүн башчысы Виктор Орбан Украинанын коопсуздук кызматынын экс-генералы Григорий Омельченко үй-бүлөсүн коркутуп-үркүткөндөн кийин кыздарына чалып, мындай нерселерге өтө эле көңүл бөлүп, бүлүнө бербөө керектигин айтты.
РИА Новости Зеленскийдин артынан эле Омельченко Орбанды, бала-чакасын, неберелерин коркута баштаганын жазды.
Facebook* социалдык тармагындагы видеодон Орбан кыздарына чалып, аларга сак болууга кеңеш берип, бирок ашыкча айтылгандардан корко бербеш керектигин айтып жатканын угууга болот. Андан сырткары, муну улуураак неберелерине айтып, сүйлөшүп коюуну кошумчалаган.
"Мындай учурда үй-бүлө ийиндеше биригип калат, алар жакшы эле. Ушуга окшогон нерселерге олуттуу кароону, бирок корко бериштин кереги жоктугун айттым. Алар чочулабаса деле керек, деген менен мындай жагдайга биринчи жолу тушуктук. Ыңгайлашып, ылайыкташуу жолун таап жатабыз. Жубайым бардыгын өз ордуна коюп, жайгарат, буга ишенем", — деген ал видео менен кайрылуу жасап.
Венгрия өкмөт башчысынын төрт кыз, бир уулу, үч кыз, үч уул небереси бар.
* Meta ( Facebook жана Instagram соцтармагы) ишмердүүлүгүнө экстремисттик деп Россияда тыюу салынган