Небензя БУУдагы Иран боюнча иштерге ичи чыкпаганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешинин Ирандын Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерге жасаган чабуулдарын айыптаган резолюциясынын авторлору АКШ менен Израилдин негизсиз агрессиясына көз жуумп коюуну сунуштап жатат. Бул туурасында Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя билдирди.
Буга чейин Коопсуздук кеңеш Тегерандан араб өлкөлөрүнө чабуул жасоону токтотууну талап кылган резолюция кабыл алган. Бирок документте Вашингтон менен Тель-Авивдин аракеттери айтылган да, айыпталган да эмес.
"Эгерде бул документти эл аралык иштерден кабары жок адам окуса, анда Тегеран өз эрки жана арам ою менен араб өлкөлөрүнө эч кандай себепсиз кол салгандай таасир калат. Ал эми Ирандын аймагына жасалган чабуулдар, анын артында кимдер турганы жана аны кимдер ишке ашырып жаткандыгы жөнүндө документте бир ооз да сөз айтылган эмес. Бул нерсени алар кыйгап өтүп кетип жатышат", — деди дипломат.
Небензя резолюция Иранга каршы агрессияны улантууга берилген уруксат катары кабыл алынышы мүмкүндүгүн айтты. Ошол эле учурда АКШ аймактагы өз базаларын коргонуу үчүн эмес, чабуул коюу максатында активдүү колдонуп жатканын баса белгиледи.
"Вашингтон өзүнүн агрессиялык кадамдары менен булуңдун мамлекеттерин сатып кетти. Кабыл алынган резолюция Жакынкы Чыгышка тынчтык алып келе албайт. Болгону чатакты ырбатып, маанилүү оюнчулардын ортосундагы ажырымды тереңдетет", — деген ал.
Небензя согуш отун өчүрүп, жай жарандарга чабуул койгондорду айыптоого чакырган Россиянын резолюциясын аталган кеңештин кабыл алышына колдоо көрсөтпөй койгондордон көңүлү калганын билдирди.
БУУнун Коопсуздук кеңешинде АКШнын Иранга каршы чабуулунун себеби айтылды