БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Митинг өткөрүүнүн жаңы эрежелерин сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыкты.
Демилгечи депутат Кубанычбек Самаков тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мүмкүн болгон чыр-чатакты азайтуу максатында митинг өтүүчү жай менен маршруттун алдын ала каралышын сунуштоодо. Ага ылайык, жергиликтүү бийлик органдарына тынч жыйындарды өткөрүү үчүн атайын жерлерди жана маршруттарды аныктоо укугу берилет.
Депутаттын айтымында, учурдагы мыйзам митингдерди айрым объектилерден тышкары, дээрлик бардык жерде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
"Митингдер жергиликтүү бийлик тарабынан аныкталган атайын жайларда болушу шарт", — деп эсептейт демилгечи.