БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Былтыр чет элдик жарандар Россияда иштөө боюнча 2,3 миллион патент алган, көрсөткүч 2024-жылга караганда 9 пайызга көп. Бул туурасында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Төрага алардын ар бири жеке жактардын киреше салыгы боюнча алдын ала төлөм киргизгенин жана сумма 172 миллиард рубль болгонун белгилеген. Акча мурдагы жылга салыштырганда 39 пайызга көп экени айтылды.
Мамдума Россиядагы миграцияны жөнгө салуу үчүн бир катар мыйзамдык демилгелерди карап жатат.
Алар:
эмгек мигранттарын Россияда жашаган өзүн жана үй-бүлөсүн региондо белгиленген деңгээлде камсыздоого милдеттендирүү;
үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн белгиленген өлчөмдөгү алдын ала төлөм киргизүү;
Россияга акча табуу үчүн келген чет өлкөлүк жарандардын балдары 18 жашка толгондон кийин 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керек;
эгерде чет өлкөлүк жаран бир жыл ичинде 10 айдан аз иштесе, ага убактылуу жашоого уруксат кагазы берилбейт, айрым учурда жокко чыгарылышы мүмкүн.