БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Американын Чалгын кызматы АКШ менен Израилдин эки жумалык чабуулуна карабай Ирандын жетекчилиги бутунда бекем турат деген пикирде. Бул тууралуу өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен Reuters жазды.
"Чалгын кызматынын докладында Иран жетекчилигинин азыркы абалына талдоо жүргүзүлгөн. Анда бийлик өз нугунда иш алып барып жатканы айтылат. Америка менен Израилдин операциясы Иран өкмөтүн кантип алып түшүшү керетиги белгисиз. Балким буга абадан эмес, жерден чабуул жасоо зарылдыр", — деп жазды агенттик.
Белгилей кетсек, АКШ менен Израиль Иранга 28-февралда чабуул кое баштаган. Тегеран да Израилдин аймагы менен АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскер базаларына сокку уруп жатат. Алгач Вашингтон менен Тель-Авив Тегерандын өзөктүк программасынан улам жаралган кооптуулукту жоюу тууралуу сөз кылып келсе, кийинчерээк өлкө бийлигин алмаштырууга аракет көрүп жатышканы айтылган.