БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы ЕАЭБ ичинде кооптуу жүк ташууга атайын уруксат берүүчү айрым процедураларды ыңгайлаштырууну жактырды.
Маалыматка ылайык, мүчө мамлекеттерге мындай уруксаттарды алты күндүн ичинде берүү сунушталууда. Берилген документтин максималдуу колдонуу мөөнөтү бир жылдан ашпоого тийиш.
"Өзгөртүүлөр ташуучулар үчүн атайын уруксаттарды алуу жана тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, транспорттук-логистикалык жана көзөмөл процедураларына байланышкан чыгымдарды азайтууга шарт түзөт", — деди ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев.