Дмитриев Майамиде америкалыктар менен эмнелерди талкуулаганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путиндин тапшырмасынын негизинде Түз инвестициялар фондунун жетекчиси, президенттин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев эки мамлекеттин экономикалык кызматташуусу туурасында сүйлөшүп келди.
Тагыраагы, Дмитриев Американын Майами шаарында эки мамлекеттин экономикалык кызматташуусу боюнча иштеген жумушчу топтордун жетекчилери менен жолуккан. Ал АКШдагы сапарында Кошмо Штаттардын өкүлдөрү менен дүйнөлүк энергетика рыногундагы кризистик кырдаалдарды талкуулашканын билдирди.
"Россиялык-америкалык алаканы жандандырууга көмөкчү боло турган келечектүү долбоорлорду талкууладык. Андан сырткары, дүйнөнүн энергетикалык рыногундагы учурдагы кризистик кырдаал боюнча да кеп кылдык", — деди атайын өкүл.
Дмитриев Американын отун жана санкция маселелериндеги позициясына токтолгон.
"Бүгүн көп мамлекеттер, биринчи кезекте АКШ дүйнөлүк экономиканын туруктуулугун камсыздоодо орус мунайы менен газынын система түптөөчү, маанилүү роль ойной тургандыгын жакшы түшүнө баштады. Андан сырткары, Россияга каршы санкциялар майнапсыз жана деструктивдүү экенине көздөрү жетүүдө", — деген ал.
Путин менен Трамп телефондон сүйлөштү. Козголгон маселелер