Лейлекте авиабилет алып берем деп элди 1,5 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда авиабилет алып берем деп элди 1,5 миллион сомго алдап кетүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, 25 жаштагы тургун Раззаков шаарындагы авиакассада иштеп жүргөн. Элдин ишенимине кирип, билет алып берем деп акчаны өзүнүн банктык картасына котортуп алып турган.
"Милицияга 13 киши арыз менен кайрылды. Тергөөнүн жүрүшүндө жалпы 1,5 миллион сомго жакын материалдык зыян келтирилгени аныкталган. Факт боюнча Лейлек РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада шектүү Раззаков шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Бишкекте 5 млн. сомго алдап кеткен деп 39 жаштагы аял кармалды