Артем Новиков Баскетбол федерациясына жаңы президент болуп шайланды

Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. РКӨФ жетекчиси Артем Новиков Кыргызстандын Баскетбол федерациясынын жаңы президенти болуп шайланды. Тиешелүү чечим федерациянын жыйынында бир добуштан кабыл алынган.
Новиков башкармалыктын мүчөлөрүнө көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күндө спортту өнүктүрүү жана жаштарды колдоо мамлекеттик күн тартибиндеги маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи.
“Президентибиз ар дайым спортту өнүктүрүү зарылдыгын айтып келет, футбол, күрөш сыяктуу башка багыттарда да чоң аракеттер жасалууда. Биз спортчулардын Олимпиада оюндарында кандай жыйынтык көрсөтүп жатканын көрүп жатабыз. Мен биргелешкен аракеттердин үстүндө баскетболдун популярдуулугун дагы арттыра алабыз деп ишенем, — деди ал.
Анын айтымында, жакынкы мезгилде федерация өспүрүмдөр баскетболун өнүктүрүү, улуттук курама командаларды күчтөндүрүү жана өлкө боюнча бул спорт түрү менен машыгууга шарт түзүүгө көңүл бурат.
Кыргызстандык балбандар эл аралык турнирде алтын жана күмүш медаль утту