Ирандагы бомбаланган кыздардын өлүмүнө АКШ жоопкерчилик алышы керектиги айтылды

Израиль менен АКШнын же Чалгын кызматы, же жасалма интеллект жаңылып, мектепти аскердик объект катары карап, бомбалап алышы ыктымал экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Ирандагы мектепке мындан бир нече күн мурда жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти АКШ алат. Бул тууралуу РИА Новости New York Times басылмасына таянып жазды.
"Жүргүзүлүп жаткан аскердик иликтөө иштери Минаб шаарындагы башталгыч мектеп Tomahawk ракетасы менен аткыланганы үчүн жоопкерчиликти АКШ аларын аныктады", — деп жазылат макалада америкалык аткаминерлерге таянып.
Анда эски маалыматтардан улам бута туура эмес алынып калышы мүмкүн деп да айтылган.
"Ичинде балдар толтура жүргөн мектепке жасалган чабуул соңку ондогон жылдардагы эң чоң аскердик ката катары тарыхка кирери шексиз", — деп New York Times жазган.
Буга үндөш маалыматты Washington Post да берди. Бул кайгылуу окуя Израиль менен АКШнын Чалгын кызматынын жаңылып калышынан же жасалма интеллект алгоритмдеринин мүчүлүштүгүнөн улам кыздар мектебин аскердик объект катары туура эмес аныктап алышы ыктымалдыгын жазды.
БУУдан да үн катышып, бул нерсе чабуул койгон тараптын жай тургундар арасындагы жоготууларды болушунча аз кылуу боюнча бардык чараларды көрүү принцибин бузганын айтышты. Мындай факт согуш учурунда эл аралык гуманитардык укуктук принциптердин сакталышында олуттуу тынчсызданууну жаратарын баса белгилешти. Ал эми БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгы чабуулдан көз жумгандардын үй-бүлөсүнө зыяндын https://ria.ru/20260312/iran-2080098730.html ордун толтуруп берүүгө чакырган.
"Биз аларды (кол салган тарапты — ред.) иликтөөнүн жыйынтыгын ачыктоого, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну жана жабыркагандарга зыяндын ордун толтуруп берүүнү камсыз кылууга чакырабыз", — деп айтылган билдирүүдө.
Эске салсак, 28-февралда Америка Кошмо Штаттары менен Израиль Иранга каршы ири чабуулдарды баштаган. Сокку Минаб шаарындагы кыздар үчүн башталгыч мектептин имаратына тийген. Ирандын билим берүү министри Алиреза Каземи каза болгон окуучулар менен мугалимдердин саны 200дөн ашык экенин айткан.
АКШ өлтүргөн ирандык генерал Касем Сулейманинин таржымалы. Видео