13-мартка карата аба ырайы

13-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жума күнү күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10, Талас жергесинде +2…+7, Ысык-Көлдө +1…+6, Нарын өрөөнүндө -4…+1 градуска чейин жылыйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +5…+7, Ош шаарында +7…+9 градуска көтөрүлөт.
Орозо айттын качан болору такталды