ЕАЭБ мамлекеттериндеги керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу коомдук институттардын тажрыйбасы бизге үлгү

Sputnik
Кыргызстанда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты болуп саналат. Бул багытта Евразия экономикалык союзу алкагында кабыл алынган техникалык регламенттер өзгөчө роль ойнойт. Адистердин айтымында, техрегламенттер — бул жөн гана соода эрежеси эмес, керектөөчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылган негизги механизм.
ЕАЭБдин бирдиктүү талаптары азык-түлүк, балдар товарлары, жеңил өнөр жай жана электр жабдуулары сыяктуу продукциялардын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Бул нормалар өндүрүштөн тартып сатууга чейинки бардык этаптарды камтып, сапатсыз товарлардын рынокко чыгышына бөгөт коёт.
“Ачык кеп” программасында адистер Евразия экономикалык комиссиясы иштеп чыккан техникалык регламенттердин мааниси, аларды ишке ашыруу механизмдери жана керектөөчүлөр үчүн берилген кепилдиктер тууралуу кыскача маалымат беришти. Ошондой эле жарандар укугу бузулган учурда кайрылуу жол-жоболору да түшүндүрүлдү.