БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Экинчи Батыш аймактык аскер соту "Крокус сити холл" концерт залындагы теракт боюнча иште айыпталган 19 адамдын 15ин өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу сот залынан РИА Новости агенттигинин кабарчысы билдирди.
Мындай жаза терактыны аткаргандарга: Шамсидин Фаридуни, Далержон Мирзоев, Муродали Рачабализода, Мухаммадсобир Файзов, Умеджон жана Мустаким Солиевдер, Шахромжон Гадоев, Зубайдулло Исмоилов, Хусейн Хамидов, Мухаммад Шарипзода, Якубжон Юсуфзода, Назримад Лутфуллои, Жумахон Курбонов, Хусен Медов жана Жабраил Аушевге берилди.
Москва облусундагы Красногорск шаарындагы "Крокус сити холл" концерт залында террордук акт 2024-жылдын 22-мартында болгон. https://sputnik.kg/podmoskovedegi-krokus-siti-kholldo-bolgon-terakt-/ Кол салгандар имараттагы адамдарга автоматтык куралдан ок чыгарып, андан соң көрүүчүлөр отурган залды өрттөп жиберишкен.
Россиянын Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, окуянын кесепетинен 149 адам каза болуп, бир адам дайынсыз жоголгон, дагы 609 киши жаракат алган. Келтирилген материалдык зыян болжол менен 6 миллиард рубль деп бааланган.