БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. ЖККУнун мамлекеттеринин аймагында баңгизатка байланышкан кылмыштуулук жогорку деңгээлде турат жана мүчө өлкөлөргө коркунуч жаратууда. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков айтты.
“Буга байланыштуу коомду чек ара аркылуу ташылуучу баңгизаттардын кыйратуучу таасиринен коргоонун негизги жолу — коркунучка каршы биргелешкен жана координацияланган иш жүргүзүү. Биздин ишмердүүлүктө мындай ыкма 2003-жылы колдонулган. "Канал" деп аталган баңгизатка каршы жүргүзүлгөн операция биргелешкен иш-чаралардын далили”, — деген ал БУУнун Баңги заттар боюнча комиссиясынын 69-сессиясынын алкагында өткөн тематикалык иш-чарадагы видео кайрылуусунда.