Жапаров "депутаттардын кадыры түшүп кетти" деген Көкүловго жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Депутаттын кадырынын түшүп кетиши президенттен же министрден көз каранды эмес. Ар бир депутаттын өзүнөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров эл өкүлү Эрулан Көкүловдун суроосуна жооп берип жатып айтты.
Эскерте кетсек, бүгүн өлкө башчысы жаңы дайындалган министрлердин антын кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңешке келип, депутаттар менен баарлашты.
Көкүлов депутаттык корпустун кадыр-баркы түшүп кеткенин айтып, президенттен депутаттык статусту калыбына келтирип берүүнү өтүнгөн.
"Биз министрлерге барсак, элдин көйгөйү менен барабыз. Алар кабыл албаганга аракет кылышат. Күзөтчүлөрдүн жанында көпкө күтүп калып жатабыз. Мыйзамдуулукту орнотууну суранам сизден", — деди Көкүлов.
Президент буга депутаттар өздөрү күнөөлүү экенин айтты.
"Депутаттын кадырынын түшүп кетиши ал менден же министрден эмес. Ар бир депутаттын өзүнөн. Майда-чүйдө маселени көтөрүп, болор-болбос бирдеме менен уят боло берсеңер эл кантип сыйлайт? Эл өкүлү орчундуу маселени көтөрүшү керек. Ал эми министрлерге айтарым, депутаттарды күтүүсүз кабыл алганга шарт түзүп бергиле. Жеке маселеси менен келсе дароо узатып койсоңор болот. Мамлекеттин маселеси болсо баарлашып чечкиле", — деди президент.
Ал депутаттар эл өкүлү болгондуктан коридордо көпкө күтүп туруп калбашы керектигин кошумчалады.
Бир тууганымды дагы аябайм! Садыр Жапаровдун парламенттеги кеби