БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Европа биримдиги Киевге каражатты ЕБ мүчөлөрүнүн макулдугун талап кылбаган эки тараптуу насыя берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Politico дипломаттарга таянып жазды.
“Украина аскердик аракеттерин каржылоо үчүн ЕБ өлкөлөрүнөн каражат алат. Венгрия менен Словакия убада кылынган 90 миллиард евролук насыяны бөгөттөсө да жардам көрсөтүлөт”, — деп айтылат макалада.
Басылманын маалыматына караганда, Балтика жана Түндүк Европа өлкөлөрү башка план сунуштоого даяр, бирок бул үчүн Будапешт менен Братислава позициясын өзгөртпөшү керек. Ал план боюнча 30 миллиард евро бөлүү каралган. Бул сумма Киеге кеминде жарым жылга жетиштүү болот.