БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Улуттук банк быйылкы жылдын эсебинен төртүнчү интервенциясын жасап, 140 миллион доллар сатканын кабарлады.
Ал эми жыл башынан бери сомдун курсун кармап туруу үчүн жалпы 546,6 миллион доллар короткон.
Мындай кадам менен башкы банк чет элдик акчанын тартыштыгын толуктап, өзгөрүлмө режим учурунда сомдун наркын туруктуу кармап турууну көздөйт.