Трамп: Ормуз кысыгын миналоого аракет кылган кемелер дароо жок кылынат

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгын миналоого аракет кылган бардык кемелер жок кылынарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз баңгизат аткезчилерине каршы колдонулган технологиялар менен ракеталык мүмкүнчүлүктөрдү Ормуз кысыгын миналоого аракет кылган кайык-кемелерди толугу менен жок кылуу үчүн пайдаланабыз. Бир заматта жок болот, маалкатып отурбайбыз", — деп жазган Трамп Truth Social социалдык тармагында.
АКШ жана Израиль 28-февралда Ирандын аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеран шаарына сокку ура баштаган. Имараттар кыйрап, жай тургундар арасында каза болгондор бар.
Ал эми Иран Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине жооп иретинде сокку урууда.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжал күчөгөн шартта Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы дээрлик токтоп калды. Бул — Перс булуңундагы өлкөлөрдөн дүйнөлүк рынокко мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүдөгү негизги маршрут. Дүйнөлүк мунай, мунай продуктулары жана суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен 20 пайызы ушул кысык аркылуу өтөт.
ЖМК: Трамптын ойлогону ишке ашпай, Индия орус мунайын алмай болду