13 жылга кесилген Токмоктун экс-мэринин өкүмү жокко чыгып, иш кайра каралмай болду

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Коррупцияга айыпталып 13 жылга эркинен ажыратылган Токмок шаарынын экс-мэри Максат Нусувалиевге чыккан өкүм жокко чыгарылып, иш кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку сот билдирди.
Маалыматта шаардын мурунку башчысы менен кошо кармалгандардын да өкүмү өзгөрүп, үй камагына чыгарылганы айтылат.
Былтыр июнда УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Камчыбек Ташиев Токмок шаарына текшерүү менен барып, жолугушуу учурунда Нусувалиевди, анын кол алдындагыларды жана подрядчыны элдин даттанууларынан кийин камакка алууну буйруган. Мэр эртеси кызматынан бошотулуп, 7-ноябрда Октябрь райондук соту 13 жылга эркинен ажыраткан.
Бийлик журналисттер менен бизнеске мамилени кайра карап чыгат