БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Коррупцияга жол берилбейт, эч кимди аябайбыз, бир тууганым болсо дагы аябайм. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров парламенттеги кебинде билдирди.
Өлкө башчысы бүгүн Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган министрлердин антын кабыл алды.
"Биз башынан эле коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка өчпүз. Эч кимди аябайбыз, бир тууганым болсо дагы аябайм. Бирок менин бир туугандарым, бала-чакам мамлекеттик кызматтарда иштебейт. Ошон үчүн санаам тынч", — деди президент.
Жапаровдун кебинин урунттуу учурлары:
айрым депутаттар тиги тарап, бул тарап деп бөлүп-жарууга аракет кылышты. Бирок убагында токтотуп калдык. Элден шайланып келген өкүлдөр ошентип отурса, карапайым эл кайда барат деген ой келди... Мындан ары бөлүнүп-жарылууга барбайлы, бул мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат;
соңку 5 жылда мамлекеттик кызматкерлер ротацияланып келди. Кийинки жылдын сентябрынан тарта студенттер дагы ротациялана баштайт. Жалпы бюджеттик 10 миң орун берилсе, анын жарымы түндүккө, жарымы түштүккө берилет. Түндүктүк студенттер түштүккө барып, түштүктүк студенттер түндүктө окуйт;
ӨКМ жетекчилигине сунушталган 10 талапкердин 9у коррупцияга тиешелүү болуп чыкты. Кыргызстанда министр болчу таза киши калганбы деп сурадым;
Жогорку Кеңеш электрондук парламент системасына өтпөсө кагаз жана башка кеңсе каражаттарына ири суммадагы каражат кетет. Беш жылда Жогорку Кеңеш 65 тонна кагаз колдонгон;
биз азыр сүт, картошка, эт, жашылча, кант жана жумуртка менен өзүбүздү камсыздап жатабыз. Ал эми ун, жемиштер жана күйүүчү-майлоочу материалдар дагы деле импорттолот. Жакын арада жер-жемиш менен да өзүбүздү камсыздай баштайбыз, бирок ун менен камсыз кылуу абдан кыйын. Анткени Кыргызстан 94 пайыз тоолуу аймак болгондуктан, калган 6 пайызы гана жер иштетүүгө жарактуу;
Горький паркында митинг өткөрүүгө тыюу салынган эмес, бирок акцияларда элдин менталитетине каршы келген ураандар айтылбашы керек;
Мамлекеттик ипотекалык компания батирдин үстүнө акча кошпой өзүнүн баасы менен бере берсе, жылына бюджеттен акча кошууга туура келет. Анда компания 10-15 жылда банкрот болот. 4 пайыз деген — ошол жерде кеткен айлык, кагаз, компьютер сымал чыгымдар. 200-250 доллардан кошуп бергенибиз — 25 жылдык инфляциянын жарымын жаап турсун деген оюбуз;
Мамлекеттик ипотека дегенде "Туманбаев эле жыргап жатат" деп Каныбектин аты чыгат. Курулуш компаниясы бар, каалаганыңар, мага келиңиздер. Жерди берем, азыр компания куруп жаткан баада (чарчы метрин 700 доллардан) бүтүрүп бергиле;
күч органдарынын жетекчилерине ишкерлерден түшкөн бардык арыздарды кабыл алып, аларды калыс текшерүүнү тапшырдым.